Викиказына:Тил саясаты
Jump to navigation
Jump to search
Shortcuts: COM:LP • COM:LANG • COM:NAME
Викиказына – көп тилдүү долбоор. Бул баракта көп тилдүү материалдарды түзүү жана колдонуу боюнча долбоордун эрежелери жана кайсы материалдар кайсы тилде берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Локалдаштыруунун техникалык процесси үчүн Викиказына:Локалдаштыруу дегенди караңыз.
- Галереялардагы, категориялардагы жана файлдын сүрөттөмө барактарындагы сүрөттөмөлөр каалаган тилде болушу мүмкүн жана аларды бир нече тилде кошуу керек. Керексиз маалыматтын жана визуалдык баш аламандыктын көлөмүн азайтуу үчүн тил калыптарын колдонуу сунушталат.
- Файл галереялары биринчи кезекте жергиликтүү тилдерде аталууга тийиш. Бул эреженин кеңири аныктамасы үчүн Викиказына:Галереялар дегенди караңыз.
- Категориянын аталыштары көбүнчө англис тилинде болушу керек, кээ бир энчилүү аттарды, биологиялык таксондорду жана англисче эквиваленти жок терминдерди кошпогондо. Бул эреженин кеңири түшүндүрмөсү үчүн Викиказына:Категориялар дегенди караңыз.
- Чыгармалардын жаратуучуларынын ысымдары англис тилдүү адабияттарда эң көп кездешкен формаларда берилиши керек.
- Файлдарды каалаган тилде атаса болот. Файлдын аты чыгарманы (сүрөттү) сүрөттөп же ачыктап берүүсү керек. (Ошондой эле Викиказына:Файлдын аталышы дегенди караңыз)
- Калыптарды каалаган тилде түзсө болот. Калыптын тексти бир нече тилде жеткиликтүү болгондо, англисче версия эң авторитеттүү («маалымат») версия болуп эсептелет, ага калыптын башка тилдеги версиялары негизделиши керек.
- Саясаттар жана көрсөтмөлөр англис тилинде жазылып, андан кийин башка тилдерге которулат. Саясаттын же көрсөтмөнүн англисче версиясы эң авторитеттүү версия болуп эсептелет.
Тарых
Бул тил саясатына алып келген 2009-жылдагы сунуштун өзү бир нече тилге которулган, анын ичинде алеманча, бретончо, каталанча, люксембург тилинде, Convencions de nomenatge, Польша тилинде, португалча и китайча тилдерге которулган.